Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-декабрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 02:46

Европарламент Венгриядагы талаштуу мыйзамдарды талкуулады


Мажар парламентинин жыйыны. 30-март, 2020-жыл.

Европарламент Венгриядагы мыйзам үстөмдүгүнүн маселесин талкуулады. Коронавирус пандемиясына байланыштуу ал өлкөдө жарыяланган чукул чаралардын алкагында оңчул премьер-министр Виктор Орбанга чексиз ыйгарым укуктар берилген.

Эпидемия тууралуу жалган маалымат тараткан адамдарды эркинен ажыратууга чейин жазалоону караган жобо кабыл алынган 30-марттан бери бул өлкөдө кармап-камоо көбөйдү. Полиция жалпысынан ал беренеге ылайык 86 иш козголгонун билдирди.

Европарламенттеги талкууга Будапешттин өкүлдөрү катышкан жок. Анын алдында премьер өзү баруудан баш тартып, юстиция министрин жөнөтүүнү сунуш кылганда, Брюссел сунушту четке каккан.

Орбанга буйруктардын негизинде мөөнөтсүз башкарууга укук берген мыйзам катуу сынга кабылып келет. Өкмөт башчы «бул эпидемияны жөнгө салыш үчүн зарыл» деп жооп берүүдө.

Европарламенттеги талкууда аткарууга милдеттүү документ кабыл алынбаганы менен Брюссел менен Будапешттин ортосундагы мамилелерди андан ары чыңалтышы мүмкүн.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG