16-майда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн Ысык-Көл, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Чүй, Талас облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24;
Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 16…21;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 11…16, күндүз 19…24;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22;
Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…-7, күндүз 5…10 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн жана түшкө чейин жаан-чачын жаабайт, түштөн кийин өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 22…24 градус болот.