Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-декабрь, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 04:20

Бюджеттин чыгашасы 10,3 млрд. сомго азайтылды


Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу түзүлгөн өзгөчө кырдаалдан улам 2020-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгү 10,3 млрд. сомго азайтылды. Бул маалыматты вице-премьер-министр Эркин Асрандиев 15-майда брифингде билдирди. Анын айтымында кыскартуу негизинен сатып алууга жана иш сапарларына байланыштуу чыгашалардын эсебинен болду. Мындан тышкары айрым капиталдык салымдар азайды.

«Ошол эле учурда маанилүү беренелер толугу менен сакталып калды. 2020-жылга 112 млрд. сом каралган, толук сакталды. Бюджеттик кызматкерлердин айлык акысы, пенсия, жөлөк пулдар толук, мөөнөтүндө берилет», - деди ал.

Асрандиевдин сөзү боюнча капиталдык салымдардан таза суу, ирригация, жол оңдоо, санариптештирүү, сот реформасына сарпталуучу чыгашалар сакталды.

Коронавирус пандемиясынан улам быйыл мамлекеттик бюджетке 30,8 млрд. сом түшпөй калары кабарланган. Өкмөт бул кенемтени толтуруш үчүн бюджеттин чыгаша бөлүгүн азайтуу менен бирге ички булактардан да акча издөөдө. Мындан тышкары сырттан донорлордон карыз алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

2020-жылга мамлекеттик бюджеттин чыгаша бөлүгүн кыскартуу боюнча мыйзам долбоору 14-майда Жогорку Кеңеште каралган. Депутаттар мыйзам долбоорун экинчи окуудан колдоп беришкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG