17-майга карата Казакстандын 14 аймагынан коронавирус илдетине чалдыккан 307 адам жаңы катталды. Жалпы ооруга чалдыккандардын саны 6157 адамга жетти. 34 адам оорудан көз жумган. 2980 киши айыгып чыкты.
Өзбекстанда акыркы суткада 50 адамдан коронавирус жаңы аныкталды. Жалпысынан вирус жуктургандардын саны 2 741 адамга жетти.
Тажикстанда дагы 204 кишиден коронавирус табылганын өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирген. Ошону менен вирус жуктургандардын жалпы саны 1322 кишиге жетти. Акыркы бир сутка ичинде илдеттен үч киши каза тапты, өлгөндөрдүн жалпы саны 36 болду.
Түркмөнстанда коронавирус илдети аныкталганы тууралуу расмий маалымат жок.