Энелер күнүн утурлай, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков көп балалуу энелер менен жолугушту. Жолугушууга Чүй, Талас облустарынан жана Бишкек шаарынан көп балалуу энелер катышты. Президент аларды Энелер күнү менен куттуктады:
«Энелер — үй-бүлөнүн ынтымагын ширелткен уюткусу, коломтонун ээси, жалпы мекенибиздин куту. Ар бир бала — эненин мээрими аркылуу өз элин, жерин, мамлекетин сүйөт. Мекенге болгон атуулдук сезим — энеге болгон сүйүүдөн башталат. Өлкөбүздөгү ар бир бала эне мээримине бөлөнүп чоңойсун деп тилек кылам. Ошондо коомубуз адилеттүү, мамлекетибиз күчтүү, эли-журтубуздун келечеги ишенимдүү колдо болот».
Президент Сооронбай Жээнбеков энелерге «Баатыр эне» орденин тапшырып, көп балалуу үй-бүлөдө чоңойгон балдардын мамилеси, бир туугандык сезими бекем болорун кошумчалады.
Президент Сооронбай Жээнбеков 15-майда атайын жарлыгы менен Кыргызстандагы 1014 энеге «Баатыр эне» наамын, ал эми 519 энеге «Эне даңкы» наамын ыйгарган.
Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленет. Мамлекет башчы Энелерди майрамы менен да куттуктап, бекем ден соолук, узун өмүр, бактылуу жашоо каалаган. (ZKo)