Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:40

Шаар ичиндеги коомдук транспорттун бардык түрү 25-майдан тартып ишке киришет


Бишкек.
Бишкек.

Кыргызстанда шаар ичиндеги коомдук транспортко 25-майда уруксат берилет. Бул тууралуу 19-майда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Боронов белгилегендей, автобус, троллейбус жана кичи автобустар ишке кирише баштаса болот. Бирок уруксат шаар ичинде каттагандарга гана берилет:

"Атап айтканда бул - автобустар, троллейбустар жана кичи автобустар. Буларга да атайын талаптар коюлат. Отура турган канча орундук болсо, алардын ичинде аралыкты сактоо, кирүүдө жана отурууда сөзсүз беткап тагынуу эрежеси сакталышы керек. Жоопкерчилик ошол коомдук транспорттун ээсинде же ишкана жетекчисинде болот".

Коронавирус коркунучуна байланыштуу киргизилген өзгөчө абал учурунда алгач кичи автобустарга, кийин автобус, троллейбустарга жүргүнчү ташууга убактылуу тыюу салынган болчу.

Жалпысынан 19-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1243 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 898 бейтап айыгып кетти. (RK)

XS
SM
MD
LG