Коронавирус илдети менен күрөшүү боюнча республикалык штаб COVID-19га чалдыгып, ооруканада жаткан бейтаптын видеосун таратты. Видеодогу бейтап кайсы ооруканада жатканы, аты-жөнү айтылган эмес. Ал оорукананын кызматкерине коронавирус илдети тууралуу айтып берген.
«Жаман оору экен, дем жетишпей калды. Тамаша оору эмес, жаш-кары дебей ооруйт экен. Балдар жүрөт, баса албай жатышат. Сак болгула», - деди бейтап.
Ал беш күндөн бери реанимацияда жатканын, учурда абалы дурус экенин айтты. Бул оорулуу вирусту жумуштан жугузуп алган.
20-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1270 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 910 бейтап айыкты. COVID-19 менен соңку бир күндө жаңы катталган 27 адамдын жетөө сырттан келген. (TSh)