Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:35

Башкы прокурор ишинин сапатын эмес, санын айтты


Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште 2019-жылы аткарган жумуштары боюнча отчёт берип жатат.
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште 2019-жылы аткарган жумуштары боюнча отчёт берип жатат.

Жогорку Кеңеш башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун 2019-жыл үчүн отчетун жарым-жартылай сын менен жактырды. Айрым эл өкүлдөрү прокуратура коррупциялык иштерге жетиштүү көңүл бурбай, кылмыштарга тандалма мамиле кылып жатканын билдиришти.

Ошол эле учурда негизги көзөмөл мекемесине ишеним көрсөтпөө жөнүндө сунуштар да айтылып, Жамшитовдун кызматтан кетишин талап кылгандар болду.

Статистикалар баяндамасы

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 21-майдагы сөзүн мурдараак парламенттин эки комитетинде берген маалыматтарын бөлүшүү менен баштады.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөш боюнча комитет анын отчётун толук колдоп берген.

Жамшитов билдиргендей, былтыр Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине, 163 миң 549 арыз катталган. Анын 87 374ү кылмыш, 76 175и жорук болуп саналат.

Өткүрбек Жамшитов.
Өткүрбек Жамшитов.

«2019-жылы прокурорлор жалпы 14 миң 523 жазык жана жорук иши боюнча 17 миң 9 адамга айыптоону колдошкон. Прокуратура органдары тарабынан жазык жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча мыйзамсыз жана негизсиз кабыл алынган соттук актыларга 1 миң 348 апелляциялык жана кассациялык сунуш келтирилип, 568 сунуш канааттандырылып, 53% түзгөн. Ал эми 280 сунушту кароо стадиясында турат. 2019-жылы прокуратура органдары тарабынан мамлекеттин пайдасына 39 миллион 455 миң сомду өндүрүш үчүн сотко 998 доо арыз багытталып, анын 81% канааттандырылып, 27 миллион сом өндүрүлгөн», - деди ал.

Жамшитов былтыр прокуратура органдары тарабынан 3882 кызматтык жана коррупциялык иштер Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын тактады. Мунун ичинен 1355 иш тергөөнүн жыйынтыгында өндүрүштөн кыскартылган.

Баяндама аяктаган соң депутаттар суроо-жоопко өтүп, айрымдары кайра эле статистикада келтирилген маалыматтарды тактап сурап жатышты. Аймактагы прокуратура имараттарынын шарты, прокурорлордун маянасы жана иш мүмкүнчүлүктөрү, көйгөйлөрү тууралуу суроо-жооптор болду.

Депутат Дастан Бекешев болсо башкы прокурор өзүн көрсөтө албаганын жана жалпы прокуратура системасы жетиштүү иштебей жатканын сынга алды:

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

«Урматтуу Өткүрбек Асилбекович, эки жыл мурун мен сизди колдогом. Мен Башкы прокуратурада, прокуратура системасында өзгөрүүлөр болот деп ойлогом. Тилекке каршы, андай болбой калды. Канча кат жазылды, жөн эле куру жооптор келип жатат. «Тапшырдык, каралат» деген жана башка каттар, бирок жыйынтык жок. «Дарыгерлерге укук коргоо органдары басым кылып жатат» деп кат жазсам, сиз мага «булар өздөрүнүн каалоосу менен кечирим сурап жатышат» деп жооп берипсиз. Тияктан өкмөт алдаса, бияктан укук коргоо органдары кысмакка алса, анан жарандар сабаса, деги дарыгерлерди ким коргойт? Мындай позицияны билдиргениңер уят. Коррупция боюнча президент катуу, жакшы айтты. Бирок чындыгында мыйзамсыз баюу боюнча дагы эле иш жүрбөй жатат. Бул жөнүндө берене бир-эки кишиге гана иштебесе, башкаларга иштеген жок. Биздин мамлекеттик системада, ошол эле прокуратурада кымбат машинелерди айдап отурушат. Айлыгын карасаңар, таптакыр аз».

Парламентарийлер экс-депутат жана экс-вице-премьер-министр, өлкөдөн сыртка чыгып кеткен Аскарбек Шадиевдин иши, Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупция, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин иши жана саясатчы Садыр Жапаровду колдоп камакка алынган экс-министр Каныбек Осмоналиевдин иши жөнүндө да суроолорду беришти. Башкы прокурор бул иштер же каралып жатканын, же сотко өткөрүлгөнүн айтып жатты.

Прокурорду кызматтан кетирүү жөнүндө талап

КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина былтыркы жыл Кыргызстан үчүн мыйзамсыздыктын жылы болгонун белгилеп, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун кызматтан кетишин талап кылды. Эл өкүлү мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана аны колдогон КСДПнын мүчөлөрүнө карата «саясий буюртма аткарып жатат» деп башкы прокурорду сынга алды. Депутат кызматташтарын ага ишеним көрсөтпөөгө чакырды:

Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

«Сиз каалайсызбы, каалабайсызбы, 2019-жыл бийликти сындаган жарандардын сазайын берген «маскара жыл» катары Кыргызстандын жаңы тарыхында калат. Бул жерде маселе Атамбаевде эмес, аны кантип, кандай мыйзамга таянуу менен талкалаганыңарда болуп жатат. Чагым кылып, саясий атаандаш катары аны соттоп жатат. Мунун баары Башкы прокуратуранын аракетсиздигинен жана саясий буюртма аткарып жаткандыгынан улам болуп жатат. Мага жана менин жолдошторума карата биз жасабаган иштер боюнча айып коюлду. Кези келгенде күнөөсүз экенибизди жана саясий куугунтукка кабылганыбызды далилдейбиз. Биздин бир да арызыбыз боюнча Башкы прокуратура сотко чейинки териштирүү баштаган жок. Атамбаевди тыңшоо боюнча, КСДП партиясын каттоого байланыштуу, Асылбек Жээнбековдун үстүнөн жазылган арыздар каралган эмес. Атамбаевдин үйүнө коюлган аскердик чабуул, ал жердеги айыл тургундарынын 800дөй тургунунун даттануусу да каралган жок. Булар жөнүндө отчётуңузда да бир сөз жок. Ушундан улам тандалма аракетиңиз үчүн сизге ишеним көрсөтпөө жөнүндө демилге көтөрүп, кызматтан кетишиңизди талап кылам».

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов депутат Ирина Карамушкина өзгөчө оор кылмыш боюнча шектүү экенин эскертти:

«Сиздин сурооңузга жооп берейинби же жокпу деп атам. Сиз шектүү адамсыз. Сотто ишиңиз каралып жатат. Мыйзамга ылайык шектенүү тууралуу кабарлоону сизге мен бергем. Ошондуктан сиз тараптан айтылган сынды туура кабыл алам. Бул жерде эч кандай саясий буюртма жок. Жөнөкөй кылмышты ар кандай боёк берип айтканыңар туура эмес. Мыйзамды угуп, убагында келип койсо ушунун баары болмок эмес. Мыйзамды сыйлабай, «каалаганымды кылам» дегендин айынан «Альфанын» кызматкери каза болуп, канча адам ыйлап отурат. Сиздин жана башка шектүүлөрдүн кылмыштары материалдар менен далилденген. Күнөөңөрдү далилдөөгө толук даярбыз».

2019-жылы 7-8-августта УКМК жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында «суракка келбей жатат» деген негизде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.

Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, УКМКнын тергөө абагына камалган. Ал эми президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, экс-депутаттар Мээрбек Мискенбаев менен Равшан Жээнбеков, УКМКнын кызматкери Канат Сагымбаев жана башка бир нече киши №1 тергөө абагында кармалып турат.

Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина жана КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева үй камагында. Жалпысынан Кой-Таш окуясы боюнча 19 адамга айып коюлган. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

Деген менен ушул темага байланыштуу парламенттеги депутат менен башкы прокурордун диалогу анын сыртында да талкууланды. Айрымдары муну башкы прокурордун жалпы Жогорку Кеңешке карата басымынын бир бөлүгү катары баалашты. Журналист Марат Тагаев ойлору менен мындайча бөлүштү:

Марат Тагаев.
Марат Тагаев.

«Депутат Ирина Карамушкинага кимдин мамилеси кандай болбосун, ал бийликчилби-атамбаевчилби, оппозициябы - айырмасы жок, ал биринчиден депутат. Кеп Карамушкинада эмес, кеп парламент институтунда. Башкы прокурор Жогорку Кеңештин төрүнө келип алып, «депутаттын суроосуна жооп берсемби, бербесемби» деп басым жасаганы, соттун өкүмү чыга электе «өтө оор кылмышка шектүүсүз» дегени одоно ката болду. Парламенттин кадыр-баркына көлөкө түшүрдү. Буга чейин спикер же тажрыйбалуу депутаттар эскертүү берип, колунда бийлиги бар УКМКнын төрагасына же башкы прокурорго «депутаттарга мындай мамиле кылбагыла» деп айтышчу. Бирок бул жолу андай болгон жок. Мен бул көрүнүштү бир топ жылдан бери парламентке карата жүргүзүлүп жаткан саясаттын уландысы катары сыпаттайт элем. Ошол эле жетекчилер, өкмөт башчы жана башкалар парламентти тоготпогон учурлары көп. Буга албетте, депутаттар өздөрү да күнөөлүү. Бүгүн Карамушкина, эртең анын ордунда башка депутат болуп калышы мүмкүн. Бирок укуктук мамлекет болгондон кийин минтип кодулай берүү жакшылыкка алып барбайт».

Кантсе да 21-майда парламент башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун былтыркы жылга карата отчётун канааттандырарлык деп тапты. Баяндаманы бекитүүчү токтомго жыйында каттоодон өткөн 115 депутаттын 113ү «макул» деген добуш берди. Экөө добуш берген жок.

Коомчулукта да башкы прокуратуранын ишини карата пикирлер түрдүүчө. Коомдук ишмер Жылдызбек Турганов коррупция менен күрөш боюнча аракеттерден ойдогудай аракеттер чыкпай жатат деген пикирде.

«Президент кайра-кайра Коопсуздук кеңешин чакырып, коррупция менен күрөшүү тууралуу бир топ чакырыктарды таштап келет. Бирок соңунда жыйынтык жок болуп калып жатат. Ушул боюнча иш жүргүзө турган Башкы прокуратурада көп иштер жабылып калып жатат экен, тандалма аракеттер жүрүп жатат деген сөздөр бар. Көп нерселер көмүскөдө калып калууда. Кайсы бир иштер боюнча иликтөө башталганы айтылса, аягына чыкканы көрүнбөйт. Бирдиктүү депозиттик эсепке биртке акча түшүргөнү эле болбосо, резонанстуу иштердеги оңгулуктуу аракеттери байкалбайт. Жогорку Кеңеш өкмөттүн отчётун деле, башкы прокурордун отчётун деле канааттандырып жатат, алардан андан башканы күтүүнүн кереги жок. Бирок өкмөт менен Башкы прокуратурага элдин баасы башка. Башкы прокуратура институт катары өзүн толук көрсөтө албай жатат дегендер азыр четтен чыгат», - деди ал.

Өткүрбек Жамшитов 2018-жылдын апрелинен бери Башкы прокуратураны жетектеп келатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG