Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:46

Масалиев мандаттан баш тартты


Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

Депутат Исхак Масалиев өкмөттүн тоготпостугуна жана парламенттин соңку чечимдерине нааразылык иретинде мандатынан баш тартып, мөөнөтүнөн мурун ыйгарым укуктарын токтото турганын жарыялады.

Анын өз айтымында, көтөргөн демилгелери колдоо таппай, анын эл өкүлү катары отурганы мааниси жок болуп калганы, өкмөттүн тоготпостугу, парламенттин жоопкерчиликсиздиги жана депутаттарга жасалган тандалма мамиле ушундай кадамга барышына негиз болгон.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков мандатын тапшырганы жаткан депутатка ийгилик каалап, бардыгы элдин өкүлү экенин айтып, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн болгон талаш-тартыш жана өз ара кайым айтышуу үчүн кечиримдүү болууга чакырды.

Депутат: мындан ары мандаттын мааниси калган жок

Жогорку Кеңештин 21-майдагы жалпы жыйынында атайын сөз алып сүйлөгөн парламенттин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев 25-майдан тартып мандатын өз ыктыяры менен тапшыра турганын жарыялады. Ал өз чечимин коомчулукта өкмөттүн, парламенттин, спикердин ишин сындагандар көп экени менен түшүндүрдү.

Ошондой эле депутат Жогорку Кеңеш менен өкмөт жетекчилиги бардык депутаттарга текши мамиле кылбай келгенин айтты. Анткени буга чейин Исхак Масалиевдин шайлоо күрөөсүнүн өлчөмүн беш миллион сомдон бир миллион сомго, шайлоо босогосунун чегин беш пайызга чейин ылдыйлатуу боюнча мыйзам долбоору алты айдан бери каралбай, ал эми жакында иштелип чыккан жети пайыздык шайлоо босогосу тууралуу мыйзам долбоору күн тартибине шашылыш коюлган. Парламент бир топ талаш-тартыштан соң, 20-майда депутат Исхак Масалиевдин мыйзам долбоорун карап, бирок аны четке какты.

Мындан тышкары Исхак Масалиев ​парламент жакында эле өкмөттүн отчётун башында аябай сындап, бирок аягында кабыл алган кош стандарттуулукка капа болуп жатканын билдирди:

«Бүгүнкү күндө бул өкмөттүн бизге карата тоготпостук мамилеси ачык эле сезилип турду. Өкмөт былтыр пландаштырган иштерин «88% аткардык» деп, бирок ошол эле кезде бюджеттин киреше бөлүгүн чогулта албай, саламаттык сактоо тармагын мыйзамда каралган тартипте каржылай албаганы белгилүү болду. Бирок ошонун бардыгын катуу сындап айтып чыккан Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттары өкмөттүн отчётун канааттандырарлык деп тапканы кызык болду. Мыйзам аткарылбай калса, биз аны канааттандырарлык деп баалаганыбыз чоң жаңылыштык болду. Ушундай оор абалга алып келген бийликтин арасында мен да болдум. Мен да жоопкерчилик тартышым керек. Себеби мен сунуш кылган мыйзам долбоорлорун парламентти ынандырып, өткөрө алган жокмун. Ошондуктан мен мындан ары депутат болуп отуруунун мааниси жок деген негизде, мандатты тапшырууну чечтим».

Жогорку Кеңеш: Спикер менен депутаттардын айтышы
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:43 0:00


Буга чейин депутат Исхак Масалиев Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековду «өкмөттүн адвокаты» деп сындап, эки ортодо кайым айтышкан учурлар болгон. Дастанбек Жумабеков «айрым депутаттарга Жогорку Кеңеш жакпаса, аларды эч ким кармабайт» деп айткан сөзү сынга кабылган болчу.

Төрага Дастанбек Жумабеков нааразылык иретинде мандатын тапшырып кетип жаткан депутат Исхак Масалиевге ийгилик каалап, иш үстүндөгү өз ара капачылыктарды кечиришүүгө чакырды:

Дастанбек Жумабеков.
Дастанбек Жумабеков.

«Арийне, баарыбыз - эл тарабынан шайланып келген депутаттарбыз, эл өкүлдөрүбүз. Алтынчы чакырылыштын ишине эми эл өз баасын берет. Бул жерде алтынчы чакырылыштын депутаттарынын арасында мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн ушул залда көптөгөн талаш-тартыштар болду. Биздин чакырылыш кандай саясий чечимдерди кабыл алып, кандай иш алып барганын тарых көрсөтөт. Исхак Абсаматович, 25-майдан мандатыңызды тапшырып, кызматыңыздан кетип жаткан экенсиз. Ишиңизге ийгилик. Чың ден соолук каалайбыз. Рамазан айында кечиримдүү бололу. Өзүңүз айткандай, сизден кетсе биз кечирели, бизден кетсе сиз кечириңиз».

Эки жүздүүлүккө берилген баа

Депутат Исхак Масалиевдин бул кадамын парламенттен сырткаркы айрым оппозиция өкүлдөрү колдоп, аны азыркы парламенттин аброюна урулган сокку катары кабыл алышты.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров депутат Исхак Масалиевдин мандатын тапшырып бергенин бийликтин өкүмзордугуна карата өзүнүн ички каршылыгын демонстрациялаган чечим катары мүнөздөдү:

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

«Исхак Масалиевдин бул чечимин ал адамдын чыдамы чегине жетип, мындан ары мүмкүн эмес болуп калганын туюндурган чечим катары кабыл алсак болот. Ошондой кайрылуу менен чыгып, анан депутаттык мандатын тапшырып кетүүнүн өзү да чоң эрдик. Бул - кечээ өкмөттү сындап, эл көзүнчө өлө тепкилеп, бирок добуш бергенге келгенде кайра анын отчётун кабыл алып, колдоп койгон жалпы парламенттин жүзү жоктугуна берилген баа. Ошол парламенттеги депутаттардын көбү тек гана соодагерлер. Ошондуктан мен аларды «эл үчүн күйүп сүйлөмүш болуп коюп, бирок жыйынтыгында бийлик үчүн добуш беришет» деп айтып келгемин».

Ал эми парламенттеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов депутат Исхак Масалиевдин депутаттыктан кетип жатканын анын демилгелерин кызматташтары өз учурунда колдой албаган жагдай менен байланыштырды:

Зиядин Жамалдинов.
Зиядин Жамалдинов.

«Исхак Масалиев иштеп чыккан мыйзам долбооруна өкмөт өз учурунда көңүл буруп, корутунду бербей, көпкө чоюп, бирок андан бир топ кийин жазылган мыйзам долбоорлоруна корутунду чыгарылып, андан мурун парламенттин кароосуна келип калганы буга себеп болуп калды окшойт. Анан ал киши өкмөттүн отчёту боюнча да туура суроо койду. Биз баарыбыз өкмөттү сындап, бирок аягында анын ишин колдоп, добуш берип койдук. Анткени бул жерде мурдагыдай президенттик аппарат коркуткан деле жок. Болгону биз эми мындан ары кемчилигин оңдоп кетер деген ишеним менен өкмөттү колдоп келдик. Бирок ал оңдогон жок. Бул жолу да аны колдоп, добуш бергенибиздин себеби - азыркы өкмөттү кетирсек, кийинки алты айга иштеш үчүн келе турган өкмөт дагы кандай болот деп, чынында корктук. Анткени шайлоого чейин алты ай эле иштей турган өкмөт кандай иштей турганын билебиз. Ошондуктан азыркы өкмөт эле иштеп турсун деген негизде анын отчётун кабыл алууга аргасыз болдук».

Кыргызстандагы Коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев - Жогорку Кеңештин экинчи, үчүнчү, төртүнчү жана алтынчы чакырылыштарынын депутаты. Ал 2015-жылы «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген.

Исхак Масалиев акыркы беш жылда өлкөдөгү жана парламенттеги саясий процесстерге нааразылык билдирип, мандатын тапшырып кеткен экинчи депутат болуп калды. 2016-жылы «Бир Бол» фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөргө каршы пикирин билдирип, мандатын өз эрки менен тапшырган эле.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG