Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:15

«Росавиация» авиакомпаниялар үчүн жаңы көрсөтмө даярдады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда «Росавиация» мамлекеттик мекемеси карантин эрежелери жумшаргандан кийин авиакомпаниялар кандай шартта учушу керек экендиги боюнча атайын көрсөтмө жарыялады. Анын биринчи баскычында жүргүнчүлөрдүн баарынын дене табы текшерилет, аралык сакталат жана борттун ичиндегилердин баары беткапчан жана мээлейчен болот. Узак убакытка учкан маалда беткап менен мээлейди ар бир үч саат сайын алмаштырып туруш керек жана отурганда курду чечкенге болбойт. Тамак-аштын баары жел кирбегендей болуп оролушу зарыл.

Экинчи баскычында бул талаптардын баары калат, болгону жүргүнчүлөргө отурганда курду курчанбай коюуга уруксат берилет. Үчүнчү баскычында чектөөлөрдүн дээрлик баары алынат жана коронавирус пандемиясына чейинкидей шартка кайтышат.

Буга чейин «Роспотребнадзор» учактын ичинде жүргүнчүлөр жарым-жартылай эле болушу керек деп сунуш кылган. Авиакомпаниялар буга каршы чыгышкан жана мунун айынан билеттер кыйла кымбаттап кетиши ыктымал экенин эскертишкен. «Росавиациянын» соңку көрсөтмөсүндө жүргүнчүлөрдүн санын чектөө тууралуу эч нерсе айтылган эмес.

Орусияда өпкөнү сезгенткен вируска кабылгандар 326 миң адамдан ашты, илдеттен 3250гө чукул киши көз жумду. Соңку үч күн катары менен оору жугузуп алгандар тогуз миңден аша элек.

XS
SM
MD
LG