Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-май, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 07:13

Ошто ири өлчөмдө баңгизат сатуу жолуна бөгөт коюлду


Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунда күч органдары ири өлчөмдөгү баңгизат сатуу жолуна бөгөт коюшту. Милициянын маалыматына караганда, Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча түзүмүнүн кызматкерлери жүргүзгөн операция ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Кылмышка шектүү топтун активдүү мүчөсү кармалып, андан салмагы бир килограмм 47 граммды түзгөн героин алынды.

Кармалган жаран милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Факт Жазык кодексинин 267-беренесинде («Баңгизаттарды, акыл-эске таасир этүүчү каражаттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо») көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча каттоого алынды.

2019-жылдын 11 айында Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу 944 кылмыш жана 183 жорук катталган.

ИИМдин 2016-2018-жылдагы статистикасында бир жыл ичинде кармалган баңгизат 14-19 тоннаны түзгөн. «Азаттык» Кыргызстандагы баңгизаттарды мыйзамсыз ташуу каттамы боюнча кенен иликтөө жарыялаган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG