Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, бүгүн, 22-майда Орусиянын Екатеринбург шаарынан 22 жаран мекенине кайтарылды. Кыргызстандыктар «Урал аба жолдору» авиа компаниясынын чартердик рейси менен учуп келишти. Каттамды орус тарап Екатеринбург, Тюмень, Челябинск, Сургут, Санкт-Петербург, Ханты-Мансы шаарларындагы катуу ооруган, оор операция жасалган жана кош бойлуу жарандарды мекенине кайтаруу максатында уюштурганы айтылды.
Министрлик Орусиядан кайткан бардык жарандар обсервацияга алынганын билдирди.
Расмий маалымат боюнча, 58 өлкөдө 8712 кыргызстандык жаран мекенине кайтууга жардам күтүп жатат. Андан бери алардын айрымдары Кыргызстанга жеткирилүүдө.
Жалпысынан 22-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1350 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 949 бейтап айыгып кетти.
29-апрелде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги мекенине кайтууну пландап, бирок коронавирустун айынан чет мамлекеттерде калууга мажбур болгондорду сабырдуулукка чакырган. (NT)