Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Балдар онкологиясы бөлүмүндө дагы 80 адамдын анализи текшерилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Онкология жана гематология боюнча улуттук борбордун балдар бөлүмүндө дагы 80 адамдан коронавируска анализ алынып, баарыныкы таза чыкты. Бул тууралуу 25-майда «Азаттыкка» борбордун жетекчиси Эрнис Тилеков билдирди.

Анын айтымында, коронавирус жуккан балдардын жана аларды карап жаткан энелердин абалы жакшы.

«Балдарда клиникалык жактан байкалган жок. Абалы жакшы. Оорлогон учурлар жок. Негизги оорусуна байланыштуу дарыланып жатышат. Мурдагы күнү 80 киши анализ тапшырды, баарыныкы таза чыкты. Бүгүн дагы 80ди алып жатабыз», - деди ал.

Балдар онкологиясы бөлүмүндө коронавируска байланыштуу адегенде 120 адамдан анализ алынып, анын жыйынтыгында бул ооруканада дарыланып жаткан сегиз баладан, үч энеден, бир дарыгерден жана эки медайымдан вирус табылганы 21-майда белгилүү болгон.

Онкология жана гематология боюнча улуттук борбордун Балдар бөлүмү онкологиялык илдетке чалдыккан 40 баланы дарылоого ылайыкташкан. (RK)

XS
SM
MD
LG