Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:33

Бишкек: Парктардын иштешине уруксат берилди


Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарындагы парктар менен бульварлардын мурдагы калыбында иштешине уруксат берилди. Бул тууралуу 25-майда баш калаанын мэриясы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, элдин коопсуздугун камсыздоо максатындагы санитардык эреже-талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө «Шаар парктары» муниципалдык ишканасына тапшырылды.

Бишкекте 14 парк бар. «Шаар парктары» ошол парктарды сактоо жана өнүктүрүү иши менен алектенет. Ишкананын жетекчиси Калича Умуралиева «Ынтымак» паркында адамдар беткапсыз жүргөнүн көрүп, кабатырланганын «Фейсбуктагы» баракчасына жазган.

Жалпысынан 18-марттан 25-майга чейин Кыргызстанда коронавирус 1433 адамдан табылды, 992 бейтап айыгып кетти, 16сы каза болду.

Вирус жуккандардын эң көбү Бишкекте – 401 адам.

Вирустун жайылышын алдын алуу максатында баш калаада азыр өзгөчө кырдаал режими сакталууда. Буга чейин бир айга жакын убакыт өзгөчө абал киргизилип, түнкүсүн коменданттык саат болуп жаткан. Мекеме-ишканалар, маданий жайлар сыяктуу эле парктар, бакчалар убактылуу жабылган. (RK)

XS
SM
MD
LG