Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Жалал-Абад шаарында да коомдук транспорт жүрө баштады


Ош шаарында каттамга чыгарылган автобустун салону. 25-май, 2020-жыл.
Ош шаарында каттамга чыгарылган автобустун салону. 25-май, 2020-жыл.

Жалал-Абад шаарында 25-майдан тартып автобустарга жана кичи автобустарга эл ташууга уруксат берилди. Транспортко беткапсыз жүргүнчүлөр киргизилбейт. Бул тууралуу «Азаттыкка» шаардын вице-мэри Болот Узакбаев билдирди:

«Шаарда алты автобус жана 120 кичиавтобус 25-майдан тартып шаар ичиндеги каттамдарга чыгарылды. Саламаттык сактоо министрлиги иштеп чыккан жобого ылайык айдоочулар жана жүргүнчүлөр санитардык эрежелерди сактоого тийиш. Транспортко чыгууда ар бир жүргүнчү беткапчан болушу зарыл. Ошондой эле унаалар антисептик каражаттар менен камсыздалышы керек. Талаптардын аткарылышын шаардык мэрия көзөмөлдөп турат».

25-майдан баштап Бишкек, Ош, Каракол, Жалал-Абад шаарларында коомдук транспорт ишин жандантты. Ага жүргүнчүлөр андагы отургучтун санынан 60% ашырылбай салынууга тийиш. Жүргүнчүлөр да, айдоочулар да беткап тагынып, медициналык мээлей кийүүгө милдеттендирилген. Автоунаалар күнүнө бир нече жолу ичи-тышы дезинфекцияланышы керек. (RsK)

XS
SM
MD
LG