Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-июль, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 13:51

АКШ Бразилиядан келгендерди убактылуу чектейт


Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын президенти Дональд Трамп Бразилиядан келе тургандарды Кошмо Штаттарга киргизүүнү убактылуу токтотту. Ак үй «Трамп мындай чечкиндүү кадамга бул өлкөдөн келген адамдар оору таратышы ыктымал деген кооптонуудан улам барганын» билдирди.

Буга чейин АКШ Кытайдан, Ирандан, Европа Биримдигинен, Британиядан жана Ирландиядан келгендерге убактылуу чектөө киргизген.

Кошмо Штаттарда оору жугузуп алгандар бир миллион 600 миң адамдан ашты, оорудан жан бергендер 98 миң кишиге жакындады.

Бразилия коронавирус жугузуп алган адамдардын саны боюнча АКШдан кийинки эле экинчи өлкө болуп калды. Бул мамлекетте ооруга кабылгандар 363 миң кишиден ашты жана 22 миңден көп адам бул илдеттен көз жумду.

Бразилиянын президенти Жаир Болсонару коронавирусту «кадимки эле сасык тумоого» теңеп, карантин чараларын киргизүүгө каршы чыгып, оору коркунучун кенебей жатканынан улам өз өлкөсүндө да, эл аралык коомчулукта да сынга кабылып келет.

XS
SM
MD
LG