Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Штаб: Коомдук жайларда беткап тагынбагандарга чара көрүлөт


Бишкектеги кичи автобустардын бириндеги адамдар. 25-май, 2020-жыл.
Бишкектеги кичи автобустардын бириндеги адамдар. 25-май, 2020-жыл.

Эл көп топтолгон жерлерде, базарларда, соодо борборлорунда жана коомдук транспортто беткап тагынбаган адамдарга мыйзам чегинде чара көрүлөт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын 25-майда өткөн жыйынында билдирди.

«Беткапсыз жүргөн жарандардын коронавирус инфекциясын жугузуу коркунучу жогору. Ошондуктан коомдук жайларда беткап тагынуу боюнча көзөмөлдү күчөтүү зарыл», - деди Боронов.

Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, штабдын жыйынында мамлекеттик органдарга жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларына карата бекитилген алгоритмдин негизинде ишти күчөтүү милдеттендирилди.

Мамлекеттик мекемелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына илдет жугузуп алгандардын байланыштарын так аныктоо, үй карантининдегилерди катуу көзөмөлгө алуу тапшырылды.

25-майдан баштап Бишкек, Ош, Каракол, Жалал-Абад, Нарын шаарларында коомдук транспорт ишин жандантып, 50 орунга чейинки ашканалардын, кафе-ресторандардын, кийим-кече саткан базарлардын жана айрым тейлөө мекемелеринин иштешине уруксат берилди.

Республикалык штаб ишин жанданткан мекеме-ишканаларда санитардык эрежелер так сакталышы керек экенин, тартип бузулса айып салынарын эскертип жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG