Жогорку Кеңеште принципиалдуу мыйзам долбоорлоруна атайы бут тосулуп, төраганын кароосунда көпкө кармалып, парламенттин кароосуна жиберилбей кармала бериши адатка айланды. Бул тууралуу жакында эле мандатын тапшырган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, «Өнүгүү - Прогресс» фракциясынын мурунку мүчөсү Исхак Масалиев «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» программасында билдирди.
Ал төрт жарым жылдан ашуун убактан бери азыркы парламенттин курамында көптөгөн мыйзам долбоорлорун сунуш кылып иштеп келгенин белгиледи. Депутаттык мандатын тапшырууга азыркы төраганын убагында айрым мамлекеттин өнүгүшүнө шарт түзүүчү мыйзам долбоорлору каралбай, көңүл бурулбай жатканы, парламентте регламент бузулушу адатка айланып калганы себеп болгон.
«Жогорку Кеңешти шайлоодо партиялардын босогосун 5% түшүрүү тууралуу мыйзам долбоорун биз былтыр 7-декабрда жазып, төрагага киргизип бергенбиз. Ал спикердин кароосунда айлап жатты. Бизден кийин президенттин 7% кылалы деген сөзүнөн соң, ошол пайызды колдоп, мыйзам долбоорун жаза калгандардыкы бир жумага жетпей, жалпы отурумга чыгарылып жатат. Биз өткөндө ушул тууралуу айттык, «регламент бузулуп жатат» деп айттык. Ал жерде жөн эле кайым айтышуу эмес, олуттуу маселе көтөргөнбүз», - деди ал.
Исхак Масалиев Жогорку Кеңештин төрагасынын депутаттарга, өкмөткө кылган мамилеси да сый болушу керек деп эсептейт.
Жогорку Кеңештин депутаты, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын мүчөсү Исхак Масалиев өкмөттүн тоготпостугуна жана парламенттин соңку чечимдерине нааразылык иретинде мандатынан баш тартып, мөөнөтүнөн мурун ыйгарым укуктарын токтото турганын 21-майда жарыялаган. (ZKo)