Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:22

Масалиев: Спикерге ишенбестик көрсөтүү боюнча былтыр демилге көтөрүлгөн


Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков.

Жогорку Кеңештин азыркы төрагасы Дастанбек Жумабековго спикер катары ишенбестик көрсөтүү боюнча демилге былтыр эле көтөрүлгөн. Бул тууралуу демилгечи, жакында эле Жогорку Кеңештеги депутаттык мандатынан баш тарткан Исхак Масалиев «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» программасында айтты. Масалиев былтыр февралда эле фракцияга ушундай сунуш киргизгенин, бирок эмгиче карала элек экенин билдирди:

«Фракция карай элек. Жакында эле Дастанбек Жумабековго ишенбестик көрсөтүү боюнча «Ата Мекен» фракциясында да сунуштар айтылып, бирок айрым депутаттардын каршылыгына туш келген. Ачыгын айтканда, убакыт аз калганын себеп кылгандары бар, «жетинчи кабат эмне дейт» дегендери да жок эмес».

Масалиев акыркы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин дарегине сын-пикирлер көбүнчө спикерге байланыштуу болуп жатканын белгиледи. Ал төрага болуп шайланган соң, депутат өсүп-өнүгүүгө, окуп-үйрөнүүгө аракет кылышы керек деп эсептейт. Анын айтымында сын-пикирге кабылган парламенттин жоопкерчилиги депутаттардын өздөрүндө да, өкмөттө да, президентте да бар.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков 2010-жылы «Ата-Журт» партиясынын тизмеси менен парламент депутаттыгына шайланган. 2015-жылы «Кыргызстан» саясий партиясынын катарында Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. 2017-жылы 25-октябрында жашыруун добуш берүүнүн негизинде Жогорку Кеңешинин төрагасы болуп шайланган. Спикердин айрым жаңылыш айткан сөздөрү коомчулукта бир нече жолу кызуу талкууларды жараткан.

Акыркы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш 2015-жылы шайланып келген. 2020-жылы октябрда кийинки чакырылышка шайлоо болот. (ZKo)

XS
SM
MD
LG