Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 22:30

Министрлик: Бала бакчалардын ишине уруксат берилер-берилбеси кырдаалга жараша болот


Надира Жусупбекова.

Бала бакчалардын иштешине уруксат берүү маселесинин чечилиши коронавируска байланыштуу абалга жараша болот. Бул тууралуу 26-майда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова онлайн брифингде айтты.

Жусупбекованын сөзүнө караганда, министрлик мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик бала бакчалар боюнча мониторинг жүргүзүп, жыйынтыгында тогуз миңдей ата-эне пандемия шартында баласын бала бакчага берүүгө макул экени белгилүү болду.

«Эгер тиешелүү мамлекеттик органдар жана эпидемиологиялык абал бизге мүмкүнчүлүк берсе, бала бакчаларды иштетүүгө даярбыз. Бирок азыр эң негизгиси - балдардын коопсуздугу жана ден соолугу. Ошондуктан биз эпидемиологиялык кырдаалды байкап турабыз. Коопсуздукту сактап, баскыч-баскыч менен ачууга даярбыз, бирок бул үчүн кырдаал жакшырса жана тийиштүү мекемелердин уруксаты болсо», - деди ал.

Вирустун жайылышынын алдын алуу максатында көпчүлүк аймактарда азыр өзгөчө кырдаал режими сакталууда. Мекеме-ишканалар, мектептер сыяктуу эле бала бакчалардын да бардык түрлөрү убактылуу жабылган. Өкмөт 1-майдан тартып мекеме-ишканалардын ишине баскыч-баскыч менен уруксат берип келатат.

Кыргызстандын Балдарга билим берүү уюмдарынын ассоциациясы 25-майда жеке менчик бала бакчалардын иштешине уруксат берүүнү талап кылган кайрылуу тараткан. Уюм ата-энелер жумушка чыгып, балдарын кимге калтырарын билбей убара болуп жатканын билдирген. Эгер жакын арада уруксат берилбесе, анда ага карабастан бала бакчалар ишке киришерин, чара көрүлсө Өкмөт Үйүнүн алдына нааразылык акциясын уюштурарын эскерткен.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда миңден ашуун бала бакча бар, алардын 80ге жакыны - жеке менчик. Бала бакчаларда жалпысынан 152 миң бала тарбияланат. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG