Өзбекстандын Чукул кырдаалдар министрлиги чегирткеге каршы күрөшкө 640тай адис керектүү техника-жабдуу менен даяр турганын билдирди. Министрлик өлкөнүн бир катар аймактарын чегиртке каптай баштаганын маалымдады.
Буга чейин Кашкадарыя, Сурхандарыя, Наманган жана Фергана облустарында Түркмөнстандын аймагынан келген чегирткеге каршы иш-чаралар башталганы айтылган.
«Азаттыктын» түркмөн кызматы Өзбекстан менен чектеш Лебап вилаетин чегиртке каптап жатканын жазган. Анда чегиртке 35 миң гектардан ашуун айдоо аянтына зыян келтиргени айтылган.
Мындан эки жыл мурда Кыргызстандын Нарын облусунда чегирткенин айынан өзгөчө режим жарыяланган. Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал жана Нарын райондорундагы 42 266 гектар айдоо аянттары менен жайыт жерлери чегирткеден, зыяндуу курт-кумурскалардан тазаланган.