Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:48

«Казак» деген каймана аты бар Умар Маратов 10 жылга кесилди


«Казак» деген каймана аты бар Умар Маратов. Сүрөт Ош шаардык милициясынан алынган.
«Казак» деген каймана аты бар Умар Маратов. Сүрөт Ош шаардык милициясынан алынган.

Ош шаардык соту кылмыштуу топтун мүчөсү деп шек саналган, «Казак» деген каймана аты бар Умар Маратовду жашы жете элек кызды зордуктаган деген айып менен он жылга эркинен ажыратты. Соттун чечими 26-майда чыкты. Маратов сот залынан камакка алынды.

Бул маалыматты «Азаттыкка» Ош шаардык сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов билдирди. Анын айтымында, шаардык соттун чечимине нааразы болгон тараптар он күн ичинде даттануусун жогорку сот инстанциясына жиберүүгө акылуу.

«Казак» деген каймана аты бар Умар Маратов бир канча ирет «Уурулук» жана «Каракчылык» беренелери менен соттолуп чыккан. 2019-жылы октябрь айында жашы жете элек 16 жаштагы кызды зордуктаган деген шек менен кармалып, 8-январда үй камагына чыгарылган. Кийинчерээк аны үй камагына чыгарган судья кызматынан бошотулган.

17-январь күнү Умар Маратов экс-мэр Айтмамат Кадырбаевдин аталаш иниси Улан Раимбековду токмоктогон деп шек саналып, камакка алынган. Учурда бул иш да Жазык кодексинин «Карактоо» беренесинин негизинде тергелип жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG