Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:48

Путинди сотко берген Игнатьев өпкөсү сезгенип ооруканада жатат


Владимир Путин менен Михаил Игнатьев. 24-июль, 2014-жыл.
Владимир Путин менен Михаил Игнатьев. 24-июль, 2014-жыл.

«Коммерсантъ» гезити ишенимдүү булактарына таянып, Чувашия Республикасынын мурдагы башчысы Михаил Игнатьев өпкөсү сезгенип, Санкт-Петербургда ооруканада жатканын жазды. Маалыматка караганда, Игнатьев госпиталга ушул айдын башында келген жана азыр реанимация бөлүмүндө кан жүгүрткөн аппаратка туташтырылган.

Мунун алдында Игнатьев аны кызматтан алганына байланыштуу президент Владимир Путинди сотко бергени белгилүү болгон. Орусиянын Жогорку соту Путиндин буйругун жокко чыгаруу боюнча арыз кабыл алынганын бышыктаган жана алгачкы сот жараяны 30-июнга белгиленген.

58 жаштагы Игнатьев Чувашиянын башчысы болуп 2010-жылы президент Дмитрий Медведевдин буйругу менен дайындалган. 2015-жылы жайында өз эрки менен кызматтан кеткен жана күзүндө шайлоодо 65% ашуун добуш алып кайра шайланган. Оппозиция добуш берүүдө бир катар мыйзам бузуу болгонун айтып чыккан.

Путин быйыл жыл башында Игнатьевди «ишенимден кетти» деген негизде кызматтан алган. Анын алдында Игнатьевдин аты аталган чуулуу окуялар катталган. Ал Чебоксарыда басма сөз күнүнө арналган жыйында бийликти сындаган журналисттер менен блогерлердин «таш-талканын чыгарууга» үндөгөн. Андан кийин Чукул кырдаалдар министрлигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине жаңы автоунаалардын ачкычын тапшыруу аземинде аларды ит сымал секирткени кызуу талкуу жараткан.

Бул окуялардан кийин Игнатьев «Бирдиктүү Орусия» партиясынын катарынан чыгарылган. Бийлик партиясы ушул айда Мамлекеттик Думага жарандарды келекелеген аткаминерлерди жоопко тартуу жобосу камтылган мыйзам долбоорун киргизген.

XS
SM
MD
LG