Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-июль, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:10

1-июндан баштап бардык мамлекеттик мекемелер иштей баштайт


Өкмөт Үйү.

Тиешелүү тапшырмага өкмөттүн аппарат жетекчиси Самат Кылжыев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Ага ылайык, бардык министрликтердин, мамлекеттик мекемелердин жана өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жумушка чыгат.

Мындай чечим өлкөдө өзгөчө абал режими токтотулгандыгына, ошондой эле экономикалык ишмердүүлүктүн уруксат берилген түрлөрүнүн жанданышына байланыштуу кабыл алынды. Иштеген жерине чейин коомдук транспорт менен жетүү мүмкүнчүлүгү жок кызматкерлер аралыктан иштөөнү уланта беришсе болот.

Мамлекеттик органдардын жетекчилери жумушчулардын кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышын камсыз кылышы керек.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал киргизилген. Оору көп катталган айрым аймактарда 25-марттан 11-майга чейин өзгөчө абал жарыяланган. Азык-түлүк өндүргөн, саткан ишканалардан, дарыканалардан тышкары бардык ишкана-мекемелер убактылуу ишин токтоткон.

Ошондой эле бир катар мемлекеттик мекемелердин кызматкерлери аралыктан иштөөгө өткөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG