Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 11:15

Жээнбеков: Тышкы карызды реструктуризациялоо зарыл


Коронавируска байланыштуу түзүлгөн кырдаал боюнча видео конференция.

Президент Сооронбай Жээнбеков тышкы карызды, анын ичинде ар башка кредиторлордун алдындагы карызды терең реструктуризациялоо зарыл экенин айтты.

Бул тууралуу ал 28-майда коронавируска байланыштуу түзүлгөн кырдаалда Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетиш үчүн колдоо көрсөтүү боюнча эл аралык форумда билдирди.

Онлайн өткөн форумда Жээнбеков коронавирус пандемиясы бардык өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын да экономикалык жактан өнүгүшүнө терс таасирин тийгизип жатканын кошумчалады.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, өлкө башчы COVID-19 вирусуна каршы көрүлүп жаткан чаралар экономиканын кескин түрдө төмөндөшүнө алып келгенин белгиледи.

«Кыргызстан тоолуу өлкө катары деңизге чыга албагандыктан, тышкы соода операцияларынын азайышына да туш болду. Ушул жылдын соңунда экономикалык өсүштүн жана бюджеттин киреше бөлүгүнүн олутуу төмөндөшү күтүлүүдө. Бюджеттик каражаттын жетишсиздиги калктын социалдык абалынын начарлашына алып келиши ыктымал», - деди Жээнбеков.

Мамлекет башчы мындай шартта БУУнун туруктуу өнүгүү максаттары менен байланышта болгон улуттук өнүгүү программаларын ишке ашыруу үзгүлтүккө учурашы ыктымал экенин кошумчалады.

Ошондой эле «Чоң жыйырмалык» өлкөлөрүнө жана Париж клубуна Кыргызстандын мамлекеттик карыздары боюнча төлөмдөрүн токтото туруу боюнча демилгеси үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Иш-чара чет мамлекет башчыларынын, эл аралык уюмдардын, каржы институттарынын жетекчилеринин жана БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриштин катышуусунда видеоконференция форматында өттү. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (7)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG