Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-июль, 2020 жума, Бишкек убактысы 22:48

Малдын тирүүлөй экспорту көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.

Быйылкы төрт айдын ичинде Кыргызстандан сыртка сатылган тирүүлөй малдын экспорту 78% көбөйдү. Бул тууралуу 29-майда айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Эркинбек Чодуев маалымдады. Анын айтымында жыл башынан бери чет өлкөлөргө 8800 баш сатылды. Бул мурунку жылга салыштырмалуу 2400 башка көп.

Чодуевдин айтымында, быйыл кургатылган жер-жемиштин да экспорту арбыды. Жалпысынан 28 542 тонна кургатылган жемиштер Орусия жана башка чет өлкөлөргө сатылды. Анын ичинде жаңгак сыртка 3845 тонна экспорттолду. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (3)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG