Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-июль, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 00:55

Чек арада топтолгондор бири-бирине таш ыргытууда, бир нече үй өрттөнүүдө


Окуя болгон жер. 2020-жылдын 31-майы.

Баткенде, кыргыз-өзбек чек арасында чыккан чыр тынчый элек. "Азаттык" радиосунун кабарчысы жеринен кабарлагандай, эки тараптан топтолгон адамдар бири-бирине таш ыргытып жатат.

Окуя болгон жерге "Тез жардам" машинеси барып, таш тийген 5-6 кишиге алгачкы медициналык жардам көрсөтүүдө.

"Ортодо милиция жаалданган адамдарды токтотууга аракет кылууда, бирок алар токтобой жатат. Эч кандай курал колдонуу жок. Болгону таш атышуу болууда. Бутуна, башына, колуна таш тийгендерге медицина кызматкерлери жардам берүүдө. Үч жерде өрт болуп жатканын көрүп турам. Экөө өзбек тараптагы, бирөө кыргыз тараптагы үйлөр" деди "Азаттыктын" кабарчысы.

Баткен облустук бийлигинин басма сөз кызматы бүгүнкү окуя тууралуу "Бүгүн 31-майда саат 12:30 чамаларында Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр-чатак катталып, бири-бирине таш ыргытышкан. Чыр эки тарап Чечме айылындагы булакты бирге тазалап жатканда, "булак бизге таандык" деп сөз талашып чырдаша кеткенде чыккан. Учурда Кадамжай районунун акими Алгынбай Имаров менен Сох районунун акими жолугушуп, жеринде элди тынчтандыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат" деп маалымат таратты.

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров чыр сүйлөшүү жолу менен чечилерин "Азаттыкка" бир аз мурдараак билдирген.

Чек ара кызматы маалыматты Ички иштер министрлиги менен жергиликтүү бийликтен алуу керектигин айтты.

ИИМ азырынча расмий маалымат бере элек.

Ал арада Өзбекстандын Чек ара кызматы "кырдаал көзөмөлдө" деп маалымат таратты:

"Кыргыз-өзбек чек арасындагы Сох районундагы Чечме булагында кыргызстандыктар менен өзбекстандыктар ортосунда жаңжал чыкты. Бул кырдаалды чечүү үчүн чек арада эки өлкөнүн жергиликтүү бийликтеринин жооптуу адамдары жолугушту. Учурда кырдаал көзөмөлдө. Жаңжалдын себептерин аныктоо жана кесепеттерин жоюу боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатат". (JsA)

Пикирлерди көрүңүз (5)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG