Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:11

Эки тарап кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаалды жөнгө салууну сүйлөшүүдө


Кыргыз-өзбек чек арасындагы жаңжал. Кадамжай району, Чечме айылы. 31-май, 2020-жыл.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы жаңжал. Кадамжай району, Чечме айылы. 31-май, 2020-жыл.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын вице-премьер-министри Акрам Мадумаровдун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Баткен облусунун Кадамжай району менен Өзбекстандын Фергана облусунун Сох району чектешкен жердеги Чечме айылындагы кырдаал көзөмөлгө алынды. Учурда эки тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жатышат.

Маалыматта айтылгандай, сүйлөшүүгө өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Жаркынбек Максүтов жана райондун акими Алгынбай Имаров катышууда. Ал эми өзбек тараптан Өзбекстандын Фергана облусунун губернатору Шухрат Ганиев жана Сох районунун акими катышып жатат.

Кыргыз өкмөтүнүн маалыматы боюнча, учурда аймактагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн башка жактардан кошумча күч тартылууда. Билдирүүдө "Жаңжалда жаракат алгандар бар" деп жазылган.

Жаңжал чыккан жерде жүргөн кабарчыбыздын маалыматына караганда, ушул сааттарда да тараптардын таш атышуусу уланып жатат. Эки тараптан тең бир нече адамга таш тийип, "Тез жардам" кызматынын жардамын алган. Бир киши башына тийип, ооруканага жеткирилген. Кабарчыбыздын айтуусунда, жаңжал чыккан жерде милиция жаалданган адамдарды токтотууга аракет кылууда, бирок натыйжасыз.

"Эч кандай курал колдонуу жок. Болгону таш атышуу болууда. Бутуна, башына, колуна таш тийгендерге медицина кызматкерлери жардам берүүдө. Үч жерде өрт болуп жатканын көрүп турам. Экөө өзбек тараптагы, бирөө кыргыз тараптагы үйлөр" деди "Азаттыктын" кабарчысы.

Баткен облустук бийлигинин басма сөз кызматы бүгүнкү окуя тууралуу: "Бүгүн 31-майда саат 12:30 чамаларында Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр-чатак катталып, бири-бирине таш ыргытышкан. Чыр эки тарап Чечме айылындагы булакты бирге тазалап жатканда, "булак бизге таандык" деп сөз талашып чырдаша кеткенде чыккан. Учурда Кадамжай районунун акими Алгынбай Имаров менен Сох районунун акими жолугушуп, жеринде элди тынчтандыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат" деп маалымат таратты.

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров чыр сүйлөшүү жолу менен чечилерин "Азаттыкка" бир аз мурдараак билдирген.

Өзбекстандын чек ара кызматы да чек арадагы окуя боюнча билдирүү таратып, "кырдаал толук көзөмөлдө" деп маалымдады. "Кыргыз-өзбек чек арасындагы Сох районундагы Чечме булагында кыргызстандыктар менен өзбекстандыктар ортосунда жаңжал чыкты. Бул кырдаалды чечүү үчүн чек арада эки өлкөнүн жергиликтүү бийликтеринин жооптуу адамдары жолугушту. Учурда кырдаал көзөмөлдө. Жаңжалдын себептерин аныктоо жана кесепеттерин жоюу боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатат" деп жазылган билдирүүдө. (ZKo/JsA)

XS
SM
MD
LG