Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:05

Коронавирус бир суткада 12 медицина кызматкеринен табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан дагы 12 медициналык кызматкер жаңы катталды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, алардын алтоо - Нарын облусунда, төртөө - Бишкек шаарында, Ош облусунда жана Ош шаарында - бирден кызматкер.

Бир суткада үч дарыгер айыгып, ооруканадан чыкты. Жалпысынан Кыргызстанда оору жугузуп алган медицина кызматкерлеринин саны 362 кишиге жетти, алардын бирөө кайтыш болду, 252си айыгып чыкты.

Бишкектеги Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында 19 кызматкер ооруп калгандыктан, бул мекеме обсервацияга жабылган. Учурда COVID-19 диагнозу коюлган бейтаптар №6 ооруканага жана Фтизиатрия борборунун бир бөлүмүнө жаткырылууда.

Жалпысынан 1-июнга карата Кыргызстанда коронавирус 1817 адамдан табылды, алардын ичинен 16 бейтап кайтыш болду, 1181 бейтап айыгып кетти. (RK)

XS
SM
MD
LG