Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 22:22

COVID-19 жуккан 12 бейтаптын абалы оор


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирус жуккан 12 адамдын абалы оор, алардын бешөө реанимацияда жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, учурда ооруканада жалпысынан 620 адам жатат, алардын 79унун абалын дарыгерлер орточо оор деп баалап жатышат.

18-марттан 1-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 1817 адамдан табылды, алардын ичинен 16 бейтап кайтыш болгон, 1181 бейтап айыгып кетти.

Облустар боюнча алып караганда эң көбү Бишкек шаарында – 457 адам. Нарын облусунда 372, Ош облусунда 219, Ош шаарында 191, Жалал-Абад облусунда 162, Чүй облусунда 133, Баткен облусунда 29 жана Ысык-Көл облусунда 14 адам.

Мындан тышкары Орусиядан кайтып келген эмгек мигранттары, курсанттар жана башкалардын арасынан вирус табылгандардын жалпы саны 240 адам. (RK)

XS
SM
MD
LG