Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:08

Ирандык депутат күзгү акцияларда 230 киши өлгөнүн билдирди


Ноябрдагы акциялар. Тегеран
Ноябрдагы акциялар. Тегеран

Иран парламентинин депутаты өткөн ноябрда өкмөткө каршы башталган демонстрацияларда 230 киши каза болгонун билдирди. Бул тууралуу ИРНА агенттиги кабарлады.

Бензиндин баасын көтөрүү планынан келип чыккан толкундоо дээрлик бүт аймактарга жайылып, 1979-жылкы Ислам революциясынан бери болуп көрө элек зомбулук менен коштолгон.

Парламенттин Улуттук коопсуздук жана тышкы иштер комитетинин төрагасы Можтаба Золнур өлгөн 230 кишинин бештен бир бөлүгү коопсуздук күчтөрүнүн аскерлери болгонун белгиледи. Төрага курмандыктардын 25% акцияларга тиешеси жок, көчөдө өтүп бараткан адамдар болгонун, кээ бирлери жакындан атылган октон каза тапканын кошумчалады.

Золнурдун айтымында, тартип коргоочулар демонстранттардан алыс болчу, кээ бир адамдарга тийген ок Ирандагы куралдарда колдонулбайт.

Буга чейин Ислам Республикасынын расмий адамдары чет өлкөлүк маалымат каражаттары жана укук коргоочулар келтирген сандарды четке кагып келишкен.

«Amnesty International» укук коргоо уюму нааразылык ацияларда 304 киши мерт болгонун жазган. Ал эми БУУнун көз каранды эмес эксперттери 400 киши, арасында 12 жашы жете элек бала каза тапкан болушу ыктымал деп билдирген. Кошмо Штаттар бир миңден көп киши өлгөн деп эсептейт.

Тегеран төрт күнгө созулган толкундоонун масштабы тууралуу расмий статистика чыгара элек. Бирок эки жумадай мурун өкмөт коопсуздук күчтөрү демонстранттарга ок атып, өлгөндөр болгонун моюнга алган.

XS
SM
MD
LG