Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 20:41

Өкмөт «Верный капиталдын», «Скай Мобайлдын» башчылары менен кездешүү боюнча маалыматка тактоо киргизди


Өкмөт Үйү.

Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы «Верный капитал», «Скай Мобайл» компанияларынын жетекчилери менен өкмөттөгү жолугушуудан стенограммалык маалымат таратты. Муну ал социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматка тактоо киргизүү максаты менен байланыштырган.

Маалыматка караганда 15-майда «Верный капитал» компаниялар тобунун башкы директору Ерлан Оспанов жана «Скай Мобайл» («Билайн» уюк байланыш оператору) ишканасынын башкы директору Евгений Кражан менен вице-премьер-министр Эркин Асрандиев жолугушкан. Анда «Скай Мобайл» компаниясынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер талкууланган.

«Негизинен салык жана радио жыштыктар маселеси талкууланды. Анын ичинде Мамлекеттик салык кызматынын жана компаниянын ортосунда талаштуу болгон роумингге жана резидент эместердин кирешесине кошумча нарк салыгын (КНС) кошуу маселеси бар. Бул талаш мыйзам менен белгиленген тартипте каралууга тийиш жана өкмөт сот процессине кийлигишпейт. Ошондой эле «Скай Мобайл» компаниясынын радио жыштыктарды сатып алуу темасы да козголду. Асрандиев радио жыштыктар мамлекеттин активи экенин жана жыштык ээси катары пайда көрүүчү болушу керек экенин билдирди. Ал «Ала-ТВ» кайсы бир учурда бул жыштыкты минималдык баада сатып алганын, бүгүн болсо анын наркы алда канча жогору экенин, өкмөт жыштыкты сатуу ачык сынак аркылуу ишке ашырылышы керек деп эсептей турганын айтты», деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык түйүндөрдө премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жыштыкты бекер алган казакстандык компаниянын өкүлдөрүн кабыл алганы тууралуу маалымат тарап, кызуу талкууга алынган.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев 1-июнда «Фейсбуктагы» жеке баракчасына: «Өкмөт башчы «Билайндын» чоңдору менен жыштыкты сүйлөшпөсө, кайсы темада сүйлөшүү болду? Эмне үчүн жолугушуу коомчулукка чагылдырылган жок? Өкмөт башчы иш убактысында кимдерди кабыл алганы ачык болушу керек. Ошол жолугушуунун протоколун, хронологиясын элге жарыялап койсоңуздар» деп жазган.

Жогорку Кеңештин 20-майдагы сессиясында депутат Акаев Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктеги жыштык сатууга байланышкан коррупция маселесин көтөргөн. Ал «премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев буга катышы жок экенин далилдесин жана алешемдиктер үчүн жооп берсин, укук коргоо органдары тез арада буга анын катышы барбы же жокпу, иликтеши керек» деген талап койгон.

Кийинчерээк өкмөттүк аппарат депутаттын суроосуна жооп берип, «премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин байланыш тармагындагы мыйзам бузууга катышы болушу мүмкүн экендиги тууралуу депутаттын сөзүнө эч кандай негиз жок» деп билдирген.

Буга чейин белгилүү болгондой, жыштык сатуудагы коррупциялык иштерге байланыштуу кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Кылмышка шектүү катары Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова 12-майда камакка алынган. Ага уюк байланыш операторлорунун бирине жыштыкты мыйзамсыз кайра каттаган деген айып коюлган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (3)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG