Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Сот үч уюмдун парламент комитетине каршы арызын кабыл алган жок


ӨЭУ тууралуу мыйзам долбооруна каршы акция. 22-май, 2020-жыл. Бишкек. Жогорку Кеңештин алды.

Бишкек шаардык соту үч уюмдун Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине каршы жазган арызын артка кайтарды. Бул тууралуу «Азаттыкка» «Прецедент» өнөктөштөр тобу коомдук уюмунун өкүлдөрү 3-июнда билдиришти.

Маалыматка караганда «Смарт жаран» ассоциациясы, «Прецедент» өнөктөштөр тобу жана «Эркиндик үнү» коомдук фонду «Өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча эреже бузду деген негизде комитеттин иш-аракетин мыйзамсыз деп табууну өтүнүп, быйыл 21-февралда райондор аралык сотко кайрылган. Сот аны кабыл алуудан баш тарткан. Буга доогерлер менен жоопкердин ортосунда «административдик-укуктук мамиле жок» деген жүйө келтирген. Ошонун негизинде Жогорку Кенештин комитети административдик жоопкер эмес деп аныктама чыгарган.

Коомдук уюмдар буга макул болбой Бишкек шаардык сотуна 10-мартта даттанышкан. Ушул жумада бул инстанция телефон аркылуу арыз кабыл алынбаганын билдирген. Соттун чечими доогерлердин колуна азырынча тие элек.

Аталган уюмдар быйыл 17-мартта «Өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбооруна байланыштуу регламентти бузду деген негизде парламент спикери Дастан Жумабековго каршы дагы Бишкектин район аралык сотуна кайрылышкан. Сот аны өндүрүшкө алдыбы же жокпу, азырынча белгисиз.

Сөз «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» деп аталган мыйзам долбоору тууралуу жүрүп жатат. Жогорку Кеңеш аны быйыл 4-мартта биринчи окууда кабыл алган. Анда коммерциялык эмес уюмдар Юстиция министрлигине каржы булагы, мүлкү, чыгымы, кызматкерлеринин саны жана алардын эмгек акысы тууралуу маалымат берүүгө милдеттендирилет. Ал маалыматтар министрликтин сайтына ачык жарыяланат.

Өкмөттүк эмес уюмдар ансыз деле Мамлекеттик салык кызматына, Соцфондго жана Улуттук статистика комитетине отчёт берип турушарын билдиришүүдө.

Бир катар укук коргоочулар мыйзам долбоору дискриминацияга жол ачат деген жүйө менен аны артка чакыртып алууга депутаттарды үндөп жатышат. Ошол эле учурда социалдык тармактарда бул мыйзамды жактагандар да бар.

Өкмөттүк эмес уюмдардын (ӨЭУ) ишин көзөмөлдөөгө багытталган мыйзам долбоору боюнча парламенттик талкуу Бишкекте 22-майда өткөн.

Бир катар укук коргоочулар талкууга катыша албай, парламент имаратынын сыртында акция өткөрүшкөн. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG