Беларустун президенти Александр Лукашенко Сергей Румас жетектеген өкмөттү тараткандан бир күн өтпөй жаңы өкмөттүн курамын аныктап, Роман Головченкону премьер-министр кылып дайындады.
46 жаштагы Головченко МГИМО же Москвадагы эл аралык мамилелер институтунда билим алып, Беларустун Перс булуңундагы төрт мамлекеттеги элчиси болуп иштеген. Ошондой эле Башкы прокуратурада жана Аскердик өндүрүш комитетинде жетекчилик кызматтарды ээлеген.
3-июнда президент Лукашенко 2018-жылдын август айынан бери өкмөттү жетектеп келген Сергей Румас «бизнеске кетүүнү каалаганын» жүйө келтирип, анын өкмөтүн кызматтан кетирген.
Саясат таануучулар Лукашенконун бул кадамын 9-августка белгиленген президенттик шайлоого даярдык катары баалашууда. Лукашенко алтынчы жолу катыша турган бул шайлоодо оппозициячыл саясатчыларга талапкер болууга мүмкүнчүлүк берилбей жатат.