Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:35

Бристолдо демонстранттар кул сатуучунун эстелигин кулатып салышты


Эдвард Колстон (1636–1721).
Эдвард Колстон (1636–1721).

Британиянын түштүк-батышындагы Бристол аймагында расизмге каршы демонстрацияга чыккандар Эдвард Колстондун эстелигин кулатып, Эйвон суусуна ыргытып жиберишти. Сууга чейин эстеликти көчө менен сүйрөп барышканын британиялык "Гардиан" басылмасы жазды.

Мурдараак эстеликтин алынышы тууралуу петицияга 11 миң жаран кол койгон. Петицияда: "Биз албетте тарыхты унутпашыбыз керек. Бирок адам сатуу менен акча тапкан адамдар эстелик кылып эскерүүгө татыксыз. Мындай сый-урматка дүйнөнү жакшы жагына өзгөртүү, теңдик жана социалдык биригүүгө салым кошкон адамдар татыктуу" деп жазылган.

Эдвард Колстон Бристол шаарынын тургуну, өз мезгилинин ийгиликтүү ишкери, филантроп, кул сатуучу жана британ парламентинин мүчөсү болгон. Ал туулган шаарындагы мектеп, оорукана жана чиркөөнү каржылап турган. Мындай кайрымдуулук иштерин Колстон Лондон жана башка шаарларда да жүргүзгөн. Азыркы учурда анын атын алып жүргөн социалдык жана маданий жайлар бар.

Эстеликти кыйратууга катышкан жергиликтүү депутаттардын бири "кул сатуучунун эстелиги кара түстүү элге көрсөтүп, мактануучу мурас эмес" деп билдирди.

АКШдагы расизмге каршы демонстрациялар учурунда да түштүк штаттарда айрым кул ээлөөчү ишмерлерге тургузулган эстеликтер талкаланган.

XS
SM
MD
LG