Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Ош мэри: Санитардык талаптарды бузган мечиттер кайра жабылат


Сулайман-Тоо мечити карантин убагында. 24-май, 2020-жыл.
Сулайман-Тоо мечити карантин убагында. 24-май, 2020-жыл.

Ош шаарындагы 72 мечиттин ишмердүүлүгүнө байкоо жүргүзүлүп, андагы санитардык талаптардын сакталышына көзөмөл кылынат. Талапка жооп бербеген же аны сактабаган мечиттер жабылат. Бул маалыматты Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев брифингде билдирди:

“Биз Ош шаардык казыят менен сүйлөштүк. Ага ылайык, бардык мечиттер санитардык талаптарды сактап, антисептик, беткаптар менен камсыз болууга тийиш. Намазга келгендер социалдык аралыкты сактап, мечитке беткапсыз киргизилбейт. Эгер мечиттерде санитардык талаптар сакталбаса, биз аларды кайрадан жапканга аргасыз болобуз”, - деп билдирди Таалайбек Сарыбашов.

Мындан тышкары Ошто учурдагы эпидемиологиялык кырдаал, санитардык талаптарды сактоонун зарылчылыгы тууралуу мечиттердин имамдарына да кошумча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб бүгүн, 8-июндан тартып мечиттердин ишин жандандыруусуна уруксат берген.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу түзүлгөн өзгөчө кырдаал шартында 22-марттан тартып Кыргызстанда мечиттерде жума намаз окууга жана жамаат болуп чогулууга тыюу салынган. (ZKo/DU)

XS
SM
MD
LG