Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-июль, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:30

Барр: Полицияга муунтуучу ыкманы колдонууга тыюу салуу керек


Уильям Барр.

Уильям Барр полиция шектүүлөрдү кармоо учурунда муунтуучу ыкманы эгер өз өмүрүнө коркунуч туулса гана колдонушун туура көрөт. Мындай сунушун юстиция министри дүйшөмбү күнү "Фокс ньюс" телеканалына берген маегинде айтты: "Менимче биз муунтуучу ыкмага тыюу салышыбыз керек", - деди Барр.

Өткөн аптада Нью-Йорк, Калифорния жана Миннеаполис баштаган бир нече шаарлардын жана штаттардын өкүлдөрү полицияга муунтуучу ыкманы колдонуусуна тыюу салууга даяр экенин билдиришкен.

Май айынын аягында АКШда расалык теңсиздикке каршы нааразылык толкундары өттү. Ага 46 жаштагы афроамерикалык Жорж Флойддун полиция кармагандан кийинки өлүмү түрткү болгон. Интернетке тараган видеодо сары чийкил полициячы Флойдду мойнунан тизеси менен басып турганы, ал аба жетпей жатканын айтканы тартылган.

Бир күндөн кийин Флойдду кармоого катышкан төрт полициячы кызматтан бошотулган. Муунтуучу ыкманы колдонгон полиция кызматкер Дерек Шовин камакка алынган. Ага "кишини байкоосуздан өлтүрүп алуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кийинчерээк калган үч полицияны камакка алууга ордер берилгени кабарланган.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG