Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:47

Батукаевдин иши боюнча сотто материалдарды изилдөө башталды


Азиз Батукаев. 2006-жыл.
Азиз Батукаев. 2006-жыл.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу сотто көрсөтмөлөрдү угуу аяктады. Ишти карап жаткан Биринчи май райондук сотунда 9-июнда айыпталуучулар Индира Жолдубаева, Калыбек Качкыналиев жана Абдухалим Раимжанов суракка алынды.

Сот жараянында иштин материалдарын изилдөө башталып, кийинки отурум 11-июнга белгиленди.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.

Анын мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтене баштаган. Иш сотко ошол жылдын октябрында өткөн. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 кишиге айып тагылган.

Алардын ичинен Алмазбек Атамбаевдин, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеванын, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевдин жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановдун иши сотко өткөн. Калгандарынын иши азырынча сотко өтө элек. (RK)

XS
SM
MD
LG