Мындай маалыматты кандуу капсалаң боюнча өз алдынча иликтөө жүргүзүп, атайын баяндама чыгарган «Кылым шамы» уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда киши өлтүрүү боюнча козголгон кылмыш иштерди иликтөөнүн 18% гана аягына чыккан. Калгандары ачылбаган бойдон кала берди.
Башкы прокуратуранын июнь коогалаңына байланыштуу кылмыш жана сот иштери тууралуу 2020-жылы берген маалыматына караганда, 2010-жылкы июнь окуясы боюнча жалпы 5642 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен 360 иш ачылган. Мунун 319у сотко жөнөтүлүп, 511 кишиге айып тагылган. 3919 иш убактылуу токтотулган жана 13 иш биротоло токтотулган. 1391 иш башка кылмыш иштери менен бир өндүрүшкө бириктирилген. Учурда иликтөө стадиясында турган кылмыш иштери жок. Ошол эле кезде кылмыш иштеринин алкагында аны ачуу үчүн ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.
Маалыматка ылайык, жалпы июнь коогасына байланыштуу «Киши өлтүрүү» беренеси менен 481, «Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү» беренеси менен 13, «Адамды уурдоо» беренеси менен 27, «Мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу» беренеси менен 12, «Зордуктоо» беренеси менен 7 иш козголгон. Ошондой эле «Улуттук, расалык же диний кастыкты козутуу» беренеси менен 3 иш, «Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу», «Шалаакылык» беренелери менен 2, «Кылмышты жаап-жашыруу» беренеси менен 2, «Укук коргоо органынын кызматкеринин өмүрүнө кол салуу» беренеси менен 8, «Бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү» беренеси менен 50 иш тергелген.
Мындан тышкары "Уурулук, тоноо, каракчылык, мүлккө зыян келтирүү" жана башка беренелер менен 2445 иш ачылган.
Кыргызстандын соттору 2010-жылдан 2020-жылга чейин «Июнь окуясына» байланыштуу 470 кишиге карата 254 кылмыш ишин карады. Анын жыйынтыгында 224 иш боюнча 440 адамдын үстүнөн айыптоо өкүмү чыкты. 28 иш боюнча 28 адамдын кылмыш ишин токтотуу токтому кабыл алынды. Мындан сырткары 2 кылмыш ишинин алкагында 2 адамга медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулду.
Расмий органдар ачылды деп эсептеген 360 кылмыш иши жалпы козголгон 5642 иштин 10% да жетпейт. (ErN/ZKo)