Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-июль, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 12:07

Бишкекке Түштүк Кореядан кыргызстандыктар жеткирилди


Бириккен Араб Эмираттарынан кыргызстандыктарды алып келген чартердик учак. 10-май, 2020-жыл.

Түштүк Кореядан 12 кыргызстандык жаран «Asiana Airlines» эл аралык компаниясынын чартердик учагы менен Алматы шаарына жеткирилген. Андан бери Бишкекке атайын транспорт менен алып келинди.
Кайтып келгендердин баары медициналык алгоритмге ылайык, обсервацияга алынды.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, учурда чет мамлекеттерден келе албай жаткан кыргызстандыктарды кайтаруу иштери уланууда.

Коронавирус пандемиясы жарыяланган февраль айынан бери чет өлкөлөрдө калып кеткен 15 миңге чукул жаран Кыргызстанга жеткирилди.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги учурда дагы беш миңдей кыргызстандык мекенине кетүү өтүнүчү менен кайрылганын маалымдоодо.(ZKo)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG