Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:10

Бишкек: Кызматкеринен COVID-19 табылган бала бакчалар кайсылар экени айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте коронавирус диагнозу коюлган бала бакча кызматкерлеринин баары ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу вице-мэр Татьяна Кузнецова билдирди.

Анын айтымында, 9-июнга карата борбор калаада вирус мектепке чейинки мекемелердин алты кызматкеринен табылган. Алардын үчөө муниципалдык №111, №35 жана №37 бала бакчаларда, калган үчөө «Ак Шоола», «Ак Жол» жана «Асылай» деп аталган менчик бакчаларда иштегендер.

Оору жуккандардын жакындары үй карантинине алынып, эпидемиологиялык териштирүү жүрүп жатат.

Вирустун жайылышын алдын алуу максатында Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында азыр өзгөчө кырдаал режими сакталууда. Бала бакчалар март айында убактылуу жабылган. Өкмөт алардын иштөөсүнө 5-июндан тартып уруксат берилерин, бирок бардык кызматкерлер коронавируска текшерилерин жарыялаган.

9-июнда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб бакча кызматкерлеринин анализи акысыз жасалып жатканын маалымдаган.

Кыргызстанда миңден ашуун бала бакча бар, алардын 80ге жакыны - жеке менчик. Бала бакчаларда жалпысынан 152 миң бала тарбияланат.

Балдарга билим берүү уюмдарынын ассоциациясы 25-майда жеке менчик бала бакчалардын иштешине уруксат берүүнү талап кылган кайрылуу тараткан. (RK)

XS
SM
MD
LG