Тажикстандын өкмөтү көчөгө беткапсыз чыккан кишилерди административдик жоопкерчиликке тартуу боюнча мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна жөнөттү. Мындай документ келип түшкөнүн апта башында парламенттеги үч булак "Азаттыктын" тажик кызматына ырасташты. Азырынча беткап тагынбагандарга канча айып салынары белгисиз.
Буга чейин тажик бийлиги коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу үчүн жарандарды медициналык беткап тагынууга милдеттендирген. Бирок бул талапты аткарбагандарга чара көрүүгө мыйзамдык негиз жок болчу. Учурда Тажикстандагы дарыканаларда беткап 5тен 35 сомониге ($0,5-$3,5) чейин сатылууда.
Жакында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) беткап тууралуу мурдагы эрежесин өзгөртүп, коронавирус көп жайылып жаткан аймактарда жана социалдык обочолонуу эрежесин сактоо мүмкүн болбогон жерлерде беткап тагынуу зарыл экенин билдирген. Уюм 5-июндагы билдирүүсүндө беткапты вирустун жайылышын алдын алган ыкмалардын бири деп мүнөздөгөн. Ошол эле учурда бетти жаап жүрүү менен гана COVID-19дан толук сактануу мүмкүн эмес экенин эскерткен.
Тажикстанда коронавирусту жугузуп алгандардын саны 4700 кишиге чукулдады. Расмий маалыматка ылайык, кеминде 48 бейтап COVID-19 илдетинен каза тапты. Бирок көз карандысыз эксперттер өлкөдө коронавирустан кайтыш болгондордун саны алда канча көп экенин билдиришүүдө.