Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-июль, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 15:49

Финпол: "Бишкек-Ош" дирекциясынын жетекчиси жана 11 кызматкери кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек-Ош автожолундагы коррупцияга байланыштуу 12 кызматкер кармалды. Бул тууралуу 11-июнда Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, Транспорт жана жолдор министрлигинин Бишкек-Ош жолу боюнча мамлекеттик дирекциясына караштуу бөлүмдөрдө “масштабдуу коррупциялык схема” аныкталып, дирекциянын жетекчиси жана «Сосновка», «Кара-Көл» тоннель бекеттеринин башчылары колго түшүрүлдү:

“Бүгүнкү күндө бул иш алкагында коррупцияга шектүү катары министрликтин структуралык бөлүмдөрүнүн 12 жооптуу кызматкери кармалды. Баштапкы эсептөөгө караганда, мамлекетке келтирилген зыян 20 миллион сом деп аныкталды”.

Финпол белгилегендей, азыр бул жемкорлук схемасына тиешеси бар башка да кызматкерлерди аныктоо иштери жүрүп жатат.

Кармалгандардын жактоочуларынан же өзүлөрүнөн азырынча комментарий боло элек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, Кыргызстанда 2018-жылдан бери коррупциялык иштерден мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү 10 миллиард 424 миллион 379 миң сомго жетти. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (15)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG