Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-июль, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:06

Июнь окуясынын 10 жылдыгы: БУУ элдешүү эч убакта токтобой турган жараян экенин белгиледи


Озонниа Ожиело.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстан боюнча туруктуу координатору Озонниа Ожиело Кыргызстандагы Июнь окуясын эскерүүлөргө тилектештигин билдирди. Өкүлдүн атынан жазуу жүзүндө таратылган кайрылууда:

"Терең жарааттарга жана азаптарга карабастан, Кыргыз Республикасынын тургундары туруктуулукту, чыдамкайлыкты жана калыбына келүү жөндөмүн көрсөтө алышты. Сиздер элдешүү жана тынчтык жана өнүгүү үчүн шарттарды түзүү үчүн көп күч жумшадыңыздар. Элдешүү бул бир катар максаттардан турган үзгүлтүксүз жүрүүчү жараян экенин унутпашыбыз керек" - деп айтылат.

Ожиело эскерүүнү "коомдордун көп улуттуу, көп конфессиялуу жана көп маданияттуу болуп бара жаткандыгынын", "ар түрдүүлүктүн" белгиси катары баалаган. Социалдык биримдикти бекемдөөчү ар түрдүүлүк азыркы учурдун COVID-19 коркунучун жеңүүгө да күч болуп берерин, БУУ Кыргызстанга өнөктөш катары гүлдөгөн коомду курууга жардам көрсөтүүнү уланта берерин белгилеген.

БУУнун Тынчтыкты куруу фонду 2010-жылдан бери Кыргызстанга 46 миллион долларлык колдоо көрсөткөн.

2010-жылы 10-июнда башталган Ош жана Жалал-Абал облустарындагы улут аралык калабада 400дөн ашуун адам каза таап, эки миңге чукулу жарадар болгон. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек. Ондогон турак жайлар талкаланган.

10-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Оштогу «Энелердин көз жашы» мемориалдык комплексине гүл коюп, курман болгондорго куран окуду. Кыргызстандыктарга жолдогон кайрылуусунда ал 2010-жылдын июнь айындагы коогалаң эгемен мамлекет үчүн эң оор сыноо болгонун айтты. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG