Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-июль, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 12:00

Чыңгыз Жумагуловдун сотунда айыпталуучулар суралып бүттү


Чыңгыз Жумагуловду кармоо учурундагы сурөт. 11-апрель. 2019-жыл.

«Дөө Чыңгыз» деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагуловдун иши боюнча сот отурумунда айыпталуучулар суралып бүттү. Бул тууралуу 12-июнда "Азаттык" радиосуна ишти карап жаткан Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, кийинки отурум 16-июнда уланат. Анда иштин материалдарын изилдөө башталат. Андан соң тараптар жарыш сөзгө чыгып, прокуратура жаза мөөнөтү тууралуу сунушун айтат.

39 жаштагы Жумагулов Бишкекте эки адамды мыкаачылык менен токмоктоп өлтүрүү үчүн шектүү катары былтыр 11-апрелде кармалып, №1 тергөө абагына отургузулган. Аны менен кошо дагы эки адам кармалган.

Каза болгондор да, шектүүлөр да криминалдык топтордун мүчөлөрү экени аныкталган. Талдоочулар муну уюшкан кылмыштуу топтордун таасир талашы катары баалашкан.(RK)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG