Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 22:17

Орусияда мигранттарга берилген жеңилдиктердин мөөнөтү узартылды


Орусиянын президенти Владимир Путин коронавирус пандемиясына байланыштуу чет өлкөлүктөргө 15-марттан 15-июнга чейин жарыяланган миграциялык жеңилдиктердин мөөнөтүн 15-сентябрга чейин узартты.

COVID-19 илдетинин жайылуу коркунучуна байланыштуу Орусиядагы чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жоктордун укуктарын жөнгө салуу тууралуу 18-апрелде жарыяланган жарлыкка ылайык, бул мезгил аралыгында чет өлкөлүктөргө миграциялык мыйзам бузуулар үчүн административдик чара колдонулбайт.

Патент, виза, миграциялык каттоо жана ишке уруксат берчү башка документтердин мөөнөттөрүн узартуу талап кылынбайт. Башкача айтканда, бул арада мөөнөтү аяктаган документтер жокко чыгарылбайт.

Чет өлкөлүктөрдү депортациялоо, миграциялык эреже бузуулар үчүн административдик жаза чегерүү да белгиленген мөөнөт аралыгында токтоп турат.

Мигранттарды ишке кабыл алууда миграциялык документтер талап кылынбайт. Иш ордунда санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышын жумуш берүүчүлөр камсыздашы керек болот.

Акыркы маалыматтар боюнча, 750 миңдей кыргызстандык Орусияда эмгек миграциясында жүрүшөт. Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө Казакстан менен Кыргызстандын эмгек мигранттарынан патент талап кылынбайт.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанга 20 миңдей мигрант кайткан.

Орусияда соңку күндөрү коронавирус илдети 8 246 адамдан аныкталып, өлкөдө ооруга чалдыккандардын саны 537 миңден ашты. Расмий 7 миң адам оорудан өлгөнү айтылды.

Эпидемиологиялык жагдайга карабай Москвада карантин чектөөлөрү четинен алынып, мекемелердин жана тейлөө кызматтарынын ишине уруксат берилди.

Орус өкмөтү 15-июлдан тартып аба каттамдарын жандандырууга камданып жатат. (LzT)

Пикирлерди көрүңүз (5)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG