Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Президент: Бишкек оорунун очогуна айланып баратат


Президент Сооронбай Жээнбеков Кубатбек Бороновду кабыл алып жаткан учуру. 15-июнь, 2020-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков Кубатбек Бороновду кабыл алып жаткан учуру. 15-июнь, 2020-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус илдетин жуктуруп алгандар өлкөнүн баш калаасында көп каттала баштаганын белгилеп, Бишкек оорунун очогуна айланып баратканын айтты. Бул тууралуу президент 15-июнда премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов менен жолугушуп, эпидемиологиялык кырдаалды талкуулап жатканда билдирди.

Эл вирусту базарлардан, коомдук транспорттон жана башка коомдук жайлардан жугузуп алууда. Бишкек шаары бара-бара өлкөдөгү оорунун очогуна айланып баратканын көрүп жатабыз”, - деди президент.

Мамлекет башчы өзгөчө абалдын алынышы менен санитардык талаптардын сакталышы жетиштүү көзөмөлдөнбөй жатканын кошумчалады.

Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев оору күчөп кетсе, Бишкекке карантин чаралары кайрадан киргизилиши мүмкүн экенин "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Түлөбаев иштөөгө уруксат берилген бардык тармактагы ишканаларга санитардык талаптарды так аткаруу боюнча акыркы эскертүү берилип жатканын белгиледи.

15-июнда Кыргызстандын аймагында 87 адамга коронавирус жукканы такталды. Ушуну менен СOVID-19га чалдыккандар өлкөдө 2372 адамга жетти.

Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы адам 18-мартта катталган. Андан көп өтпөй Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда. Өкмөт бир топ ишканалардын иштөөсүнө уруксат берген. (TSh)

XS
SM
MD
LG