Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:26

Президент Жээнбеков өкмөт башчы Абылгазиевдин отставкасын кабыл алды


Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жыйынында. 10-апрель, 2020-жыл.
Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жыйынында. 10-апрель, 2020-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкасын кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү 16-июнда кабарлады.

Президенттин жарлыгына ылайык, кыргыз өкмөтү толук курамы менен кызматтан кетти. Биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер-министрлер жана өкмөт мүчөлөрү кийинки курам түзүлгөнчө милдеттерин аткаруучу катары ишин улантышат.

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын 15-июнда берген. Абылгазиевдин арызында радио жыштык боюнча иликтенип жаткан иштер аягына чыга электигине байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу чечимди кабыл алганы белгиленген. Абылгазиев буга чейин колдоо көрсөткөн президентке, парламентке ыраазычылык билдирип, жыштык чатагында эч кандай күнөөсү жок экенин маалымдаган.

Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган 30-өкмөт 2018-жылы 20-апрелде ишин баштаган.

27-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыска эмгек өргүүсүнө чыгып, мунун себебин радио жыштык боюнча тергөөнүн калыс өтүшү үчүн деп түшүндүргөн.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) «Айтел» ишканасынын лицензиясынын мыйзамсыз узартылышына байланыштуу сотко чейинки териштирүү жүргүзүп жатканы 24-майда белгилүү болгон. Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктеги жыштык сатуу коррупциялык иштер боюнча Аскер прокуратурасы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) биргелешип тергөө ишин жүргүзүүдө.

Кылмышка шектүү катары Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова 12-майда камакка алынган. Ага уюк байланыш операторлорунун бирине жыштыкты мыйзамсыз кайра каттаган деген айып коюлган. Кийинчерээк УКМКнын жетекчисинин орун басары баштаган бир нече кызматкер бул кылмышка шектүү катары камалган. 15-июнда “Ала-ТВ” ишканасынын негиздөөчүсү Артур Халдаров радио жыштык чатагына байланыштуу кармалып, камакка алынды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG