Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-июль, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:03

Түндүк Македония 15-июлда шайлоо өткөргөнү жатат


Түндүк Македониянын мурдагы өкмөт башчысы Зоран Заев.

Коронавирус жайылып жатканына карабай, Түндүк Македониядагы саясий партиялар парламенттик шайлоону 15-июлда өткөрүүнү макулдашты.

Шайлоо өлкөнүн Европа биримдигине мүчө болуп кошулуусу үчүн абдан маанилүү болору күтүлүп жатат.

Добуш берүү мурдагы премьер-министр Зоран Заевдин Социал демократиялык партиясынын Батышты жактаган саясаты үчүн чоң сыноо катары бааланууда.

Заев январда Брюссель Түндүк Македониянын Евробиримдикке кириши боюнча сүйлөшүүлөрдүн датасын жарыялабай койгондон кийин кызматтан кеткен.

Март айында шаркет Түндүк Македония жана Албания менен сүйлөшүүлөр башталарын билдирген. Өткөөл өкмөт парламенттик шайлоону 12-апрелге пландаган, бирок коронавирус эпидемиясынан улам кийинкиге калтырган.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG