Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-июль, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:35

COVID-19: Илдетти жугузуп алгандардын саны 8 миллиондон ашты


Бишкектеги оорукана. 14-июнь 2020-жыл

Дүйнө жүзүндө коронавирусту жугузуп алгандардын саны сегиз миллион адамдан ашты. Илдеттен 436 миңдей бейтап көз жумду. Ал арада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 илдети кайрадан жайылып кетиши ыктымал экенин эскертти. Уюмдун мындай билдирүүсү бир катар Европа өлкөлөрү карантин чараларын жумшартып, ички чек араларын ачкан маалга жана Бээжинде оорунун жаңы очогу катталган учурга туш келди.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейсус​ ушул тушта дүйнө жүзүндө коронавирус жугузуп алгандардын саны күн сайын 100 миңге көбөйүп жатканын эскертти. Ал бул оору Азия менен Америкада өтө тездик менен жайылып жатканын айтты. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) өзгөчө кырдаал боюнча директору Майкл Раян айрыкча Бээжиндеги соңку жагдайга тыкыр көз салып турушканын билдирди.

Ал арада Жаңы Зеландияда соңку бир күндүн ичинде коронавирус жуккан эки учур катталды. Өлкө мындан эки апта мурун коронавирусту жеңгенин жарыялаган болчу.

АКШнын 20дай штатында ооругандардын саны эң жогорку чекке жетти. Вирусту жугузуп алгандардын саны 2,1 миллион адамдан ашты.

Эл жыш жашаган Индия, Пакистан жана Египет өңдүү өлкөлөрдө да күн сайын ооругандар көбөйүүдө.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG